USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүндөн тарта Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

08:02, 24 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 24-июндан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу 5 автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт.

Өзгөртүүлөр № 7, № 8, № 18, № 23 жана № 62 каттамдарына тиешелүү. Оңдоо иштери аяктаганга чейин бул автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.

"Бул убактылуу каттамдар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу жана коопсуз кыймылды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан",-деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18