Министрлер кабинети көмүрдү автоунаа менен сыртка ташууга жарым жылга тыюу салды
Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автомобиль транспорту менен сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды.
Төктомго ылайык, чектөө ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы 2701 жана 2702 коддору менен классификацияланган көмүргө тиешелүү жана ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык автоунаа өткөрүү пункттарында күчүндө болот.
Өзгөчөлүк катары «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары гана калтырылды, алар аркылуу көмүр экспортуна уруксат берилет.
Мындан тышкары, тыюу салуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик компаниясына жайылтылбайт, ал өткөрүү пункттары аркылуу көмүр ташууну уланта алат.
Бийлик Экономика жана коммерция министрлигине чектөөлөрдүн киргизилгени тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине — КМШнын Аткаруу комитетине билдирүүнү тапшырды.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бажы кызматы менен Чек ара кызматына жүктөлдү.
Бул документ Министрлер кабинетинин 2025-жылдын декабрь айындагы ушундай эле токтомунун ордун басат жана үч күндөн кийин күчүнө кирет.