USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Манас» аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

14:53, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 22-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат түштү.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан 24.kg агенттигине билдиришкендей, маалымат саат 11:15те келип түшкөн, андан соң жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган.

Аэропорттун аймагын жана имараттарын текшерүүдөн кийин жарылуучу зат табылган эмес. Саат 12:15те аэропорт кайрадан кадимки тартипте иштей баштады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18