USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖРТнын катышуучуларынын 67 пайыздан ашыгы 110 баллдык босогодон өттү

13:30, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Быйылкы Жалпы республикалык тестирүүнүн катышуучуларынын 67,2 пайызы салтка айланган 110 баллдык босогодон өттү. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, орточо балл 128,3тү түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылы орточо балл бир аз төмөн — 127,3 болгон, ал эми босогодон өткөндөрдүн көрсөткүчү дээрлик окшош — 67,3 пайызды түзгөн.

Салыштырмалуу алсак, 2024-жылы ЖРТнын катышуучуларынын 61,8 пайызы 115 жана андан жогору балл алышкан.

Эске салсак, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

2026-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөгө 67 миң 297 абитуриент катышты. Алардын ичинен 37 миң 276 абитуриент тестти кыргыз тилинде, 30 миң 21и орус тилинде тапшырышкан.

2026-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин ЖРТнын III этабы болуп өттү.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн зарыл болгон босого баллдар, ошондой эле кабыл алуу өнөктүгүнүн графиги азырынча бекитиле элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18