Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолу селден тазаланып, каттам ачылды
11:30, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361—370-чакырым аралыгында сел жүргөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө каттам эки тараптуу ачылды.


