USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 58ге жетти

11:04, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги медреселердин биринде массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 58 кишиге жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери билдирди.

Анын айтымында, 23 бейтап ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бейтаптардын бири ооруканага түшкөндө абалы оор болуп, реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы турукташып, палатага которулду.

Үч бейтап кечээ кечинде стационардан өз билемдик менен чыгып кеткен. Азыркы тапта ооруканада 20 адам дарыланууда.

Эске салсак, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 41 миң сомдук укук бузуу тууралуу үч протокол түзүлгөн.

Андан сырткары, аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча көрсөтмө даярдалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18