Ресторан, сулуулук салондору, эмеректер: Ош шаарында «Жибек Жолу» базары ачылды
Ош шаарында жаңы «Жибек Жолу» базары ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ жаңы базарда 1 миң 400 соода орду даярдалып, ачылды. Бул жерде буга чейин эски базардагы ижарага алынган жайларда иштеп келген соодагерлер иш алып барышат.
Муниципалитеттен кошумчалашкандай, соода катарларынан сырткары бул жерде 11ге жакын ресторан, сулуулук салондору, кийим-кече дүкөндөрү, курулуш материалдары сатылган катарлар жана башка көптөгөн нерселер орун алган.

