Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 44кө жетти
Бишкектеги медреселердин биринде тамак-аштан массалык түрдө уулангандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбордук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Адистердин маалыматы боюнча, 13 адам ооруканага жаткырылса, 31и амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Буга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан бейтаптардын биринин абалы оор болуп, реанимация бөлүмүнө түшкөнүн билдиришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы суммасы 41 миң сомду түзгөн укук бузуулар тууралуу үч протокол түзүлдү.
Аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча көрсөтмө даярдалды.
Жабыркагандар 18-20 жаштагылар. Бейтаптардын айтымында, алар оливье салатын жешкен.