USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Чөп чайлары кимдерге зыян экени айтылды

12:05, 19 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Чайга кошумча катары колдонулган дээрлик ар бир талаа өсүмдүгүнүн каршы көрсөтмөлөрү бар. Бул тууралуу чөп менен дарылоочу адис Дмитрий Юровский «aif.ru» сайтына берген өзгөчө маегинде кененирээк айтып берди.

«Ар бир өсүмдүктүн өзүнчө көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү бар. Аз өлчөмдө, өзгөчө гүлдөрү бар чай чөптөрү анча активдүү эмес, аларды кооптонуусуз эле колдонсо болот. Бир гана нерсе, жыпар жыттуу чөптөр ашказанынын кычкылдуулугу жогору адамдарда зарынаны ( пайда кылышы мүмкүн. Мындай учурларда дозасын азайтуу же жыты үчүн бир чымчым эле кошуп коюу сунушталат», — деди Юровский.

Ал белгилегендей, калкан безинин иштеши төмөндөгөндө жана гломерулонефрит оорусунда кийик отун күн сайын колдонууга болбойт.

«Жалбыз жакшы тынчтандыруучу каражат болуп саналат, бирок ал зарынаны күчөтүшү мүмкүн. Көк чай чөп, кийик оту сыяктуу бардык жыпар жыттуу чөптөр бири-бири менен жакшы айкалышат. Ал эми Сары чай чөп өзгөчөлөнүп турат. Депрессиядан жабыркап, антидепрессанттарды ичип жүргөн адамдарга аны колдонуу сунушталбайт. Себеби ал дары-дармектер менен терс реакцияга киришип кетиши мүмкүн», — деп кошумчалады эксперт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18