Таластагы сел каптоодон короо-жайлар жана чарбалык курулуштар жабыркады
Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында саат 18:20 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.
Сел агымдары айылдын түштүк тарабында жайгашкан «Арабтын» капчыгайынан, ошондой эле түндүк тараптагы Узун-Булак суусунун нугу менен келген. Атайын кызматтардын жана тартылган техникалардын ыкчам иш алып баруусунун натыйжасында сел агымдары Чоң-Чычкан суусун көздөй жана андан ары Талас дарыясынын нугуна бурулуп, кырсыктын кесепеттерин көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк жаратты.
Талас облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, селдин кесепетинен Шаршенбай Ибраимов көчөсүндөгү эки турак үйдүн короосу, ошондой эле Турусбек Алымбек уулу көчөсүндөгү бир турак үйдүн жер төлөөсү суу алдында калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Мал-жандыкка, айыл чарба жерлерине жана турак үйлөргө олуттуу зыян келтирилгени катталган жок.
Ушундай эле кырдаал Талас облусунун Айтматов районунда да катталып, ал жерде тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдөөнү улантууда.