USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучулар Алматыдагы олимпиадада үч коло медаль жеңди

10:06, 19 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жаш математиктери профессор Шалтай Смагулов атындагы 6—7-класстардын окуучулары арасында өткөрүлгөн математика боюнча республикалык олимпиадада үч коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, интеллектуалдык таймаштын жыйынтыктоочу этабы 2026-жылдын 13—14-июнунда Алматы шаарында өттү.

Аталган олимпиадага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын окуучулары катышты. Тандоо этабына 3000ден ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 6—7-класстардын 106 окуучусу финалдык баскычка жолдомо алган.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын ийгилиги:

  • Зарылбеков Нурислам — Бишкек шаарындагы № 70 мектептин 7-классынын окуучусу, коло медаль;
  • Матиев Байаман — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 7-классынын окуучусу, коло медаль;
  • Сайпидинов Умар — «Акылман» президенттик лицейинин 7-классынын окуучусу, коло медаль;

Команданын жетекчиси — Айбар Аманов.

Команданын машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Шумкарбек Абдураимов, Бекжол Жолдубай уулу, Айдин Асанкадыров, Нурсултан Эшперов, Назар Киргизбаев.

Эске салсак, Кыргызстан профессор Шалтай Смагулов атындагы олимпиадага 2018-жылдан бери активдүү катышып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18