Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары белгилүү болду
2025-жылдагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты наамына үч маданият ишмери татыктуу болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы адабият, музыка жана кино искусствосу багыттарында өзгөчө чыгармачылык жетишкендиктерди жараткан үч инсандын эмгегине ыйгарылды.

Адабият жаатындагы мамлекеттик сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовго анын кыргыз тарыхын жана улуттук баалуулуктарды көркөм чагылдырган «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн ыйгарылды.

Музыкалык искусство багытында мамлекеттик сыйлык белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаковго «Боз жорго» чыгармасы үчүн берилди.

Кино искусствосу, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сыйлык режиссер Тилек Абдыкадырга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төрт сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык өлкөнүн адабиятына жана искусствосуна өзгөчө салым кошкон чыгармачыл инсандарды колдоого жана алардын эмгегин мамлекеттик деңгээлде даңазалоого багытталган эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп саналат.