USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын беш жогорку окуу жайы дүйнөлүк рейтингге кирди

16:05, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

TopUniversities платформасында жарыяланган QS World University Rankings 2027 рейтингине ылайык, Кыргызстандын беш жогорку окуу жайы дүйнөдөгү эң мыкты 1500 университеттин катарына кирди.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасынан рейтингдин сап башын Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ ) ээледи (801—850-орундардагы топ).

Экинчи орунга Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ) жайгашты (901-950-топ). Жаңы рейтингдин жыйынтыгы боюнча, КРСУ өткөн жылга салыштырмалуу дароо бир топко жогорулады — былтыр университет 1001—1200-орундардын диапазонунда болчу.

Алдыңкы үчилтикти Кыргыз-Түрк «Манас» университети жыйынтыктайт (1001—1200-топ).

Ошондой эле алдыңкы бештикке Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (1201—1400-топ) жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (1401+) кирди.

QS World University Rankings — дүйнөдөгү эң таасирдүү университеттердин рейтингдеринин бири. Аны түзүүдө окуу жайдын академиялык аброю, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш берүүчүлөр арасындагы суроо-талапка ээ болуусу, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, интернационалдаштыруу деңгээли, илимий эмгектердин цитаталануусу (шилтеме берүү), эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү эске алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18