USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баңгизат ташуучу канал жок кылынып, 10 килограммдан ашык зат алынды

14:42, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

УКМК Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында иштеп жаткан баңгизаттарды ташуунун жана сатуунун ири каналына бөгөт койду. Атайын операциянын жүрүшүндө 10 килограммдан ашык тыюу салынган заттар алынып, шектүүлөр кармалды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, иликтөө иштеринин алкагында баңги каражаттарын  ташуу, сактоо жана жайылтуу менен алектенген уюшкан топ аныкталган. Бишкекте бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда 10 килограммдан ашык баңгизат табылып алынган. Ошондой эле борбор калаанын четинде кара куурай өстүрүүчү ферма аныкталып, жок кылынды.

 Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тиешеси бар деген шектүү менен Кыргызстандын алты жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Ал эми Ош облусунда дагы бир шектүү кармалып, андан 6 килограмм гашиш табылып алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Укук коргоо органдары баңгизат жеткирүүнүн башка дагы каналдарын жана кылмыштуу схеманын калган катышуучуларын аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18