USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров Албаниянын президенти Байрам Бегайды Чолпон-Атадан тосуп алды

13:23, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Албаниянын башчысы Байрам Бегайды расмий тосуп алуу аземи өттү.

Салтанаттуу иш-чара «Рух-Ордо» маданий борборунда уюштурулду. Аянтка эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, ошондой эле 40 этно-жоокер турушту.

Мамлекет башчылары өз ара саламдашкандан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери тизилип турган аскерлердин алдынан басып өтүштү. Байрам Бегай аскер кызматкерлерине «Салам, аскер!» деп учурушты.

Андан кийин президенттер расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Тосуп алуу аземи Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын № 2 мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлуна өтүшү менен аяктады. Ал жерде биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, сүйлөшүүлөр башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18