USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖРТнын жыйынтыктары 19-июндан кийин өлкө аймактарына жөнөтүлөт

13:07, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн катышуучуларынын жыйынтыктары Кыргызстандын бардык аймактарына 19-июндан кийин жөнөтүлөт. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сертификат мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган учурда гана берилет.

Белгилей кетсек, Билим берүү министрлиги өлкө боюнча эң жогору упай (230дан 239га чейин) алган «алтын сертификаттын» ээлеринин, ошондой эле облустар боюнча 225тен 229га чейин балл топтогон эң мыкты 19 бүтүрүүчүнүн тизмесин жарыялаган.

Сертификаттарды алуу тартиби:

Бул жылдын бүтүрүүчүлөрү сертификаттарын өз мектептеринен 26-июнга белгиленген аттестат тапшыруу аземинде алышат.

Өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү сертификаттарын райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн ала алышат.

Эске салсак, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

2026-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн I жана II этаптарына 67 миң 297 абитуриент катышты. Алардын ичинен 37 миң 276 абитуриент тестти кыргыз тилинде, ал эми 30 миң 21и орус тилинде тапшырышкан.

2026-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин ЖРТнын III этабы өтөт, буга байланыштуу катышуучулардын жалпы саны дагы өзгөрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18