USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Милиция 7,8 миллион сом алдагандарды кармады

11:33, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда алдамчылар жарандарды алдоо үчүн колдонгон SIM-карталарды активдештирип жана аккаунттарды сатып жүргөн жаран кармалды.

Иликтөө иштеринин башталышына 7,8 миллион сомунан ажыраган аялдын кайрылуусу себеп болгон. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, аны «тыюу салынган уюмдарды каржылоого шектелип жатасыз» деп ишендиришкен. Кысым жана коркутуулардан улам, аял кылмышкерлерге ири өлчөмдөгү акча каражатын которуп жиберген. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлері 26 жаштагы жаранды аныктап, колго түшүрүштү. Ал абоненттик номерлерди активдештирүү жана аккаунттарды сатуу менен алектенген. Укук коргоо органдары дал ушул номерлерди алдамчылар жабырлануучу менен байланышууга жана акчасын уурдоого колдонушканын аныкташты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18