USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖРТ-2026. Кыргызстанда 55 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду

07:12, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан берилген тизмеге ылайык, сертификаттын ээлери төмөнкүлөр болду:

  • Бишкек — 34 бүтүрүүчү;
  • Ош — 1;
  • Ош облусу — 1;
  • Чүй облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Нарын облусу — 2;
  • Баткен облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Орусиянын мектеби — 1.

Эң жогорку упайды Нарын облусундагы Жүндүбаев атындагы мектептин окуучусу жана Баткен облусундагы мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү (ар бири 239 упайдан) топтошкон. Алтын сертификаттын калган ээлери 236дан 230га чейин упай алышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18