USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте «Үй сатылат» деген такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

16:25, 17 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жеке турак жайларды сатуу боюнча жарыя такталары үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинен билдиришти.

Бул үлгү жеке турак жай курулуш объектилерине гана колдонулат. Долбоорго ылайык маалыматтык такта төмөндөгүдөй болушу кажет:

  • Узундугу — 70 сантиметр, бийиктиги — 40 сантиметр, калыңдыгы — 3–5 милиметр;
  • Такта акрил материалынан жасалып, фону кочкул көк түстө, жазуулары ак түстө болот;
  • Жарнамада баш тамгалар колдонулуп, Bahnschrift шрифти менен жазылат.

Ошондой эле такталарды үйдүн фасадына же тосмосуна, жакшы көрүнгөн жерге жана жерден 1,5–2,5 метр бийиктикке орнотуу сунушталган.

«Үй сатылат» деген такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

«Жаңы үлгүдөгү маалыматтык такталар» аттуу эскиздик долбоор жакынкы убакта тиешелүү шаардык кызматтардын кароосуна жөнөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18