USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны 15 миңге жакындады

13:40, 17 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ВИЧ менен катталган жарандардын саны 15 миңге чукулдады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 14 миңи — Кыргызстандын жарандары. Илдетти жугузуп алуунун негизги жолу дагы эле жыныстык катнаш аркылуу (64,4 пайыз) жана кан аркылуу жол (28 пайыз) бойдон калууда.

Төраганын орун басары Медер Алиев ВИЧ менен ооругандардын реалдуу саны расмий маалыматтан бир нече эсе көп деп айтууга болобу деп сурады. Министрдин орун басары мындай деп айтуу кыйын экенин, анткени ооруну аныктоо көрсөткүчү 85 пайызга чейин жогорулаганын белгиледи.

«Россияда бул оорунун күчөгөн учурлары бар деген маалыматтар бар. Ал жакта көптөгөн мигранттарыбыз иштейт, алардын арасында да ооругандар бар. Биз аларга дары-дармек менен жардам берип жатабыз», — деп кошту Гүлбара Ишенапысова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18