Бишкекте соңку 3,5 жылда самокат кырсыктарынан 300гө жакын адам жабыркады
Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттарынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктары 2023-жылдан бери катталып келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын (КККБ) өкүлдөрү билдиришти.
Алардын айтымында, 2021-2022-жылдары мындай фактылар катталган эмес, анткени ал кезде шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттары дээрлик жок болчу.
Жыйында төмөнкүдөй статистикалык маалыматтар келтирилди:
- 2023-жылы: ЖМКлардын катышуусунда 77 жол кырсыгы катталып, 89 адам жабыркаган;
- 2024-жылы: 100 факт катталып, 105 адам жабыркаган;
- 2025-жылы: 70 факт катталып, 1 адам каза болгон, 79 адам жабыркаган;
- 2026-жылдын 5 айында: 11 факт катталып, 12 адам жабыркаган.
Депутат Рысбай Аматов дагы самокаттардан жабыркап, Клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылгандардын статистикасын сунуштады. Анын маалыматы боюнча:
- 2023-жылы — 21 адам;
- 2024-жылы — 22 адам;
- 2026-жылдын 5 айында — 25 адам ооруканага жаткырылган.
Жыйында белгиленгендей, электросамокаттардын ылдамдыгы саатына 15 километрге чейин чектелгенден кийин, шаарда аларды колдонуучулардын саны, ага жараша ЖМКлардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны да азайган.