USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучу эл аралык физика боюнча олимпиадада коло медаль жеңди

11:24, 17 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык окуучу Аскар Абдиев физика боюнча 10-Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Кыргызстандык окуучу эл аралык физика боюнча олимпиадада коло медаль жеңди

Мындан тышкары, аталган олимпиадага катышкан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков Ардак грамотага татыктуу болду.

Белгилей кетсек, олимпиада 12-16-июнда Швециянын Гётеборг шаарында өттү. Бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 эң мыкты окуучу катышып, теориялык жана эксперименталдык татаал тапшырмаларды аткарышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18