USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда кафе жана ресторандардан түшкөн салык 60 пайызга өстү

09:03, 17 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кафе жана ресторандардан түшкөн салыктардын көлөмү 60 пайызга өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын январь-май айларында пилоттук долбоорду ишке ашыруудан салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 1 млрд 536,7 млн сомду түздү.

Фискалдык программалык камсыздоого кошулганга чейин орточо айлык түшүүлөрдүн көлөмү 184,2 млн сом болсо, эсепке алуу системасы киргизилгенден кийин бул көрсөткүч 307,3 млн сомго жетти. Өсүү темпи 166,8 пайызды түздү.

Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынын жогорулашынын, акчалай эсептешүүлөрдүн толук эсепке алынышынын жана көмүскө жүгүртүүнүн кыскарышынын натыйжасында камсыздалды.

Белгиленгендей, мындай жыйынтыктар ФПКны киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, бизнес жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө жана салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18