USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат

15:14, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg

2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктөр, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими тууралуу аттестаттар тапшырылат.

Документтерди тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Аземдин өзүнө акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18