USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кочкор районунда жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

13:45, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 30,5 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Чолпон айыл аймагында 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.

Кочкордо жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган.

Ошентип, базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18