USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Кыргыз — Кытай чек арасында жер титирөө катталды

13:33, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Адистердин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсү таңкы саат төрттөр чамасында Кытайдын аймагында болгон. Очогу Каракол шаарынан 143 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга чейин жеткен.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.

Эскерте кетсек, бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Токтогул шаарынан 36 чакырым чыгыш тарапта жана Торкент айылынан 19 чакырым түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18