USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азиза Абдирасулова күбө катары суракка чакырылды

13:22, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Жалал-Абад ОИИБнен билдиришти.

«Учурда ал күбө катары көрсөтмө берүүдө. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда укук коргоочу кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканы такталбайт.

Буга чейин укук коргоочунун кызы Гүлшайыр Абдирасулова апасын Ноокен РИИБне алып кетишкенин билдирген. Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова Азиза Абдирасулованын артынан аңдуу жүргүзүлгөнүн айтып, укук коргоо органдарынын бул аракеттерине тынчсыздануусун билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18