USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Биринчи класска кабыл алуу. Мектептерде 82 миң бош орун бар

10:58, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 110 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарында 22 миңге жакын бала окууга кирди. Анын ичинен 11,4 миң орун кыргыз тилинде окутуучу класстарга, 10,4 миңден ашыгы орус тилиндеги класстарга таандык. Борбор калаада дагы 4,5 миң бош орун бар.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квоталардын жалпы саны — 192,3 миң. Анын ичинен 82 миң орун бош турат.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап кичи райондор боюнча жүргүзүлсө, учурда катталган дарегине карабастан, бош орундар калган мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи класска 2019- жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18