Аптанын башында Бишкекте күн бүркөк болот. 15-17-июнга карата аба ырайы
08:50, 15 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте күн бүркөк болот, жаан-чачындын болушу күмөн. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду беришүүдө.
15-16-июнда түнкүсүн абанын температурасы +19 градус тегерегинде болушу күтүлөт, күндүз +34 градуска чейин жылыйт.
17-июнда аба ырайы олуттуу деле өзгөрбөйт. Түнкүсүн +18 градус болушу болжолдонууда, ал эми күндүз термометрдин көрсөткүчү +33 градуска чейин көтөрүлөт.