USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Новопокровка айылында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат

13:15, 12 июня 2026, Бишкек - 24.kg

«Чүйгаз» газ кызматы орто басымдагы жер астындагы газ түтүгүнө кошуу иштерине байланыштуу 15-июндан 16-июнга чейин Новопокровка айылында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын билдирет.

«Чүйгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнөт. Иштер газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18