USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Эрте бышкан дарбыздардын кандай зыяны бар?

12:36, 12 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Диетолог София Кованова «aif.ru» басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде эмне үчүн эрте бышкан дарбыздарды жебөө керектигин түшүндүрдү.

Адистин айтымында, дарбыздардын негизги сезону август айында башталып, сентябрда аяктайт. Денеге зыяны жок, табигый жол менен бышкан Астрахань, Волгоград жана Краснодар крайынын дарбыздары дал ушул убакта сатыкка чыгат.

«Дарбыз сезону азырынча баштала элек, андыктан июнь айында аны ашыкча жеп албоо керек. Кандай гана жемиштер, мөмөлөр жана жашылчалар болбосун, аларды өз убагында жеген жакшы. Эгер эрте бышкандарын жесеңиз, курамындагы нитраттардын өлчөмү нормадан үч эсе көп болгон дарбыздарга туш болуу коркунучу жогору. Мындай учурда дарбыздын курамындагы ликопин, С, В1, В6 витаминдери сыяктуу бардык пайдалуу касиеттери жокко эсе болуп калат», — деп түшүндүрдү эксперт.

Диетолог кошумчалагандай, эрте бышкан дарбыздардын курамындагы пайдалуу заттардан дээрлик суу гана калат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18