USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында 13 медаль жеңди

16:34, 11 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-7-июнь күндөрү Өзбекстанда математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.

Ага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Ирандан 219 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан мелдеште математикадан — 12 жана информатикадан — 12 окуучу күч сынашты

Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18