Маркировканын жоктугу. Өзбекстанга 24,5 тонна пияз артка кайтарылды
14:12, 11 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Өзбекстандан ташылып келген пияз артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Кең-Сай» фитосанитардык көзөмөл постунда Өзбекстан Республикасынан алынып келинген 24,5 тонна пияздын партиясын текшерүү учурунда милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган. Буга байланыштуу жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.