USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

12:28, 11 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт автожолу» постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,6 тонна грек жаңгагы жана макадамия жаңгагын Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 4.3.4 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын таңгагында маркалоонун жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18