Дүйнө чемпионаты −2026: Футбол биринчилигинин башкы фавориттери аталды
Opta суперкомпьютери курама командалардын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатындагы башкы фавориттерди атады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Суперкомпьютер белгилегендей, алдыдагы турнирде жеңишке жетүү ыктымалдуулугу эң жогору команда — Испаниянын улуттук курамасы (16,1%). Экинчи орунда Франция (13%), үчүнчүдө — Англия (11,2%) турат.
Дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө негизги 10 талапкер төмөнкүдөй:
- Испания — 16,1 пайыз.
- Франция — 13 пайыз.
- Англия — 11,2 пайыз.
- Аргентина — 10,4 пайыз.
- Португалия — 7 пайыз.
- Бразилия — 6,6 пайыз.
- Германия — 5,1, пайыз.
- Нидерланды — 3,6 пайыз.
- Норвегия — 3,5 пайыз.
- Бельгия — 2,4 пайыз.
Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин өтөт. Турнирдин алкагындагы оюндарга 48 курама команда катышып, алар төрттөн командадан турган 12 тайпага бөлүнөт.