USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнө чемпионаты-2026: Оюндарга 48 өлкөдөн 1248 футболчу катышат

07:45, 11 июня 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында 48 өлкөнүн намысын коргогон 1248 оюнчу катышат.

ФИФАнын билдирүүсүнө ылайык, АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган мелдешке катыша турган 48 курама команданын курамдары такталган.

Билдирүүдө бул турнир дүйнөлүк масштабдагы маанилүү бурулуш учур болуп, мурдагыдан да көп өлкөлөр, оюнчулар жана күйөрмандар үчүн эшигин ачары белгиленген.

Дүйнө чемпионатына буга чейин эң аз дегенде бир жолу дүйнөлүк биринчиликтин билдирмесине кирген 357 футболчу чакырылган. Ал эми калган 891 оюнчу бул турнирде алгачкы жолу өнөр көрсөтөт.

Турнирдин эң улуу катышуучусу менен эң жаш футболчусунун ортосундагы жаш айырмасы 25 жылдан ашат.

Курамалардын билдирмесине 20 жаштан кичүү 22 оюнчу, ошондой эле 40 жаштагы жана андан улуу 7 футболчу кирди.

Мындан тышкары, турнирге буга чейин дүйнө чемпиону болгон 22 оюнчу кайтып келүүдө.

Кабо-Верде, Кюрасао, Иордания жана Өзбекстандын улуттук курама командалары ФИФА дүйнө чемпионатында биринчи жолу бактарын сынашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18