USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ИИМ туристтик мезгилге даяр: Өздүк курам күчөтүлгөн кызматтык тартипке өттү

16:35, 10 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Туристтик сезондун башталышына байланыштуу Кыргызстандын ички иштер органдары күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тартип сакчыларына жана келген конокторго көмөк көрсөтүүгө тартыла турган бардык унаа каражаттары техникалык кароодон өткөрүлүп, кызматтык милдеттерди аткарууга толук даярдалды. Байланыш каражаттары жана атайын жабдуулар кайрадан текшерүүдөн өттү.

«Туристтик сезондун соңуна чейин милиция кызматкерлери эс алуу аймактарында жана каттамдарда коомдук тартипти көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ар кандай инциденттерге өз убагында ыкчам чара көрүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барышмакчы», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18