USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Энергетика министри кызматтан кетти. Министрдин милдетин аткаруучу дайындалды

14:36, 10 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгы менен Алтынбек Рысбеков Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин энергетика министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Алтынбек Рысбеков Энергетика министрлигине келгенге чейин өлкө боюнча электр энергиясын өткөрүүгө жооптуу болгон «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (УЭТК) ААКын жетектеген. Жогорку кызматка, тактап айтканда, энергетика министринин орун басарлыгына 2025-жылдын сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен дайындалган.

Рысбеков Энергетика министрлигинде тармактык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөп, жаңы энергетикалык объекттерди, анын ичинде чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ачык булактардын маалыматы боюнча, Алтынбек Рысбеков 1978-жылдын 6-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган.

Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигин 2022-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18