Бишкекте Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
14:17, 10 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндө бүгүн, 10-июнда мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаевдин сөөгү жерге берилди.
Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал ар кайсы жылдары өлкөнүн башкы прокурору, ички иштер министри, Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.

