USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Оштогу балдар ооруканасын оңдоо жана жаңылоого 175 миллион сом бөлүндү

11:35, 10 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Өлкөнүн түштүк аймагындагы балдарга жардам көрсөткөн үчүнчү деңгээлдеги жалгыз адистештирилген медициналык мекеме болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында инфраструктураны жана материалдык-техникалык базаны масштабдуу жаңылоо иштерине жалпысынан 175 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн түштүк аймагындагы балдарга адистештирилген жардам көрсөткөн жалгыз ооруканада 2025-жылдан бери масштабдуу модернизациялоо иштери жүрүүдө. Алсак, өткөн жылы 39 млн сомго бир катар бөлүмдөр оңдолсо, үстүбүздөгү жылы дагы үч бөлүмдү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө бюджеттен 98 млн сомдон ашык каражат каралып, жумуштар аяктоо баскычына келди.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 38 млн сомго заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде С-дуга аппараты, офтальмологиялык микроскоп жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар сатылып алынды.

Бул чаралар түштүк регионундагы балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга жана дарылоонун алдыңкы технологияларын киргизүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18