Кыргызстан-Палестина футбол беттеши тең чыгуу менен аяктады
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын Палестинанын курама командасына каршы экинчи жолдоштук беттеши аяктады.
Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, бул ирет да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Белгилей кетсек, буга чейин курама командалар 6-июнда кез келип, ал беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктаган.
Ушуну менен Улуттук курама командабыздын июнь айындагы окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталды. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.