Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан — Палестина экинчи беттеши өтөт
Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын Улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы экинчи эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат. Ошондой эле, күйөрмандар үчүн 18:30дан тарта стадиондун аймагында атайын шоу-программа уюштурулат.
Белгилей кетсек, Палестина курама командасына каршы бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин, 6-июнда курама командалар кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.