USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баткен облусунда милиция ири өлчөмдөгү баңгизат ташуу жолуна бөгөт койду

11:37, 09 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандан Баткен облусу аркылуу Өзбекстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташып жүргөн уюшкан топтун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен өзгөчө жыты бар зат салынган 10 таңгак табылган. Соттук-химиялык экспертиза алынган зат баңги каражаты — гашиш экенин тастыктады. Баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 908 граммды түздү.

Баткенде милиция ири өлчөмдөгү баңгизат ташуу жолуна бөгөт койду

Кармалган жаран Баткен районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.С. аттуу жаран болуп чыкты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18