USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

УКМКга киберкоопсуздук боюнча жаңы директор дайындалды

16:51, 08 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Алмаз Ажыгулов УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Ажыгулов Алмаз Алиаскарович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Алмаз Ажыгулов буга чейин да улуттук коопсуздук органдарынын системасында иштеп, санариптик коопсуздук жана маалыматтык инфраструктураны коргоо маселелери менен алектенген.

Буга чейин бул кызматты Уранбек Шадыбеков ээлеп келген. Ал бул кызматка 2026-жылдын февраль айында дайындалган болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18