Бишкекте кайгуул милициясынын кызматкерлери рулда мас абалында отурган айдоочуну кармашты. Окуя болгон жерден тартылган видеону Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.
Кадрлардан унаа токтотулгандан кийин эркек киши инспекторду кучактап, эреже бузууну каттатпоо үчүн ар кандай жолдор менен аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Милициянын маалыматы боюнча, 7-июнда болжол менен саат 04:30да КККБ кызматкерлери «Hyundai» маркасындагы унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочунун спирттик ичимдик ичкенинин белгилери аныкталып, андан соң ал медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн наркологиялык борборго жеткирилген.
Жоопкерчиликтен качуу аракеттерине карабастан, текшерүү жүргүзүлдү. Адистердин корутундусу айдоочунун мас абалында болгонун тастыктады.
Аталган жаранга карата административдик протокол түзүлдү. Унаа айып короосуна киргизилди. Топтолгон материалдар чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлөт.
Кайгуул күзөт кызмат башкармалыгы айдоочуларга унааны мас абалында башкарууга жол берилбестигин дагы бир ирет эскертип, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.