USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көлдө сел алып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

09:27, 08 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Балыкчы — Каракол унаа жолунда жүргөн сел кырсыгынан кийин дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучу түнү саат 03:00 чамасында сел калдыктарынын арасынан 2011-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгү тиешелүү процессуалдык иштерди жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18