USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

08:26, 08 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү — Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеде.

Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованынан суунун агып калууларын аныктоо авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18