Сузак районунда сел суулары 20 турак үйдүн короосун каптады
12:35, 05 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төш айылында сел суулары 20 турак үйдүн короо-жайын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, 4-июнь күнү кечки саат 22:20 чамасында кокту-колоңдордон келген сел суулары үйлөрдүн айланасын каптаган. Ошондой эле суу эки турак үйдүн кампасына жана дагы төрт кожолуктун малканасына кирген.


