USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

07:45, 05 июня 2026, Бишкек - 24.kg

5—14-июнда Ысык-Көлдө армрестлинг (кол күрөш) боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат.

Биринчиликке Азия өлкөлөрүнөн эң күчтүү спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана майыптыгы бар спортчулар байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Азия армрестлинг федерациясы жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18