Беларустун премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Беларустун премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Александр Турчиндин бир катар ишканаларга баруусу жана кыргыз-беларусь бизнес-форумунун ачылышына катышуусу пландалууда.


